Тилек Матраимов “Ошгаз” мекемесине жетекчинин орун басары болду

Кара-Суунун мурунку акими Тилек Матраимов «Газпром Кыргызстандын» Оштогу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булакка таянып билдирүүдө.

Матраимовдун “Ошгаз” ишканасында жетекчинин орун басары болгонун шаардык кеңештин депутаты Хулькар Исамова да “Фейсбук” баракчасында жазды. 

Азырынча бул тууралуу “Газпром Кыгызстан” мекемеси расмий маалымат бере элек.

Тилек Матраимов 2012-жылдан бери Кара-Суу районун жетектеп келген. Парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы.

2020-жылы чек арадан Өзбекстанга өтүүгө аракет кылганда кармалып, айып пул салынган.

 

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*