Кыргызстанда кумшекердин баасы былтыркыга караганда 19 сомго кымбат. Инфографика

Кыргызстанда кумшекерге болгон баа былтыркыга караганда 46 пайызга көтөрүлүп, 19 сомго кымбаттады. Бул тууралуу статистика комитети билдирди.

Статкомдун өлкөнүн 18 калктуу конушу боюнча жүргүзгөн мониторингинде, республикада кумшекердин орточо баасы 59,93 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу баанын 46 пайызга өскөнүн көрсөтөт. Кумшекердин чекене баасы эң жогору Ош шаарында сатылып 1 килограммы 64 сомго чейин жетти. Ошондой эле жогорку көрсөткүч Жалал-Абад жана Исфана шаарында байкалган.

Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында 14 пайызга, Кара-Балтада 12,7 пайызга, Токтогулда 12,1 пайызга өскөн.

Белгилей кетсек, 25-февралда улуттук банк дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалар өсүп жатканына байланыштуу Кыргызстанда да жакынкы аралыкта баалар көтөрүлүшү мүмкүн экендигин эскерткен.

https://old.old.old.old.t-media.kg/2021/02/26/uluttuk-bank-zhakyn-arada-azyk-t-l-kt-n-baasy-kymbattashy-m-mk-n/

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*